Быйыл бир нече ири күн электр станцияларын ишке киргизүү пландалууда

Экономика Загрузка... 17 Март 2026 13:55
WhatsApp Image 2026-03-17 at 15.31.19.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жылдан жылга өсүп жатканы эч кимге сыр эмес. Энергиянын таңкыстыгы коңшу республикалардан импорттоо аркылуу жабылууда. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы керектөө көлөмү 19,3 млрд кВт/саатты түздү. Ошол эле учурда республикада 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, калган 3,9 млрд кВт/сааты сырттан алынган.

Өлкөнүн энергетика секторунун негизин гидроэнергетика түзөт. Ал суунун деңгээлине, өзгөчө кыш мезгилине түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан кышында тартыштык жаралып, электр энергиясын импорттоого туура келет. Мындан тышкары, инфраструктура эскиргенине карабастан, өлкөнүн гидроэнергетиканы жана "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар.

DOS_0033.width-800

Президент Садыр Жапаров декабрь айында Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон өлкөдөгү алгачкы күн электр станциясын ишке киргизүү аземине катышты. Бул станция жылына болжол менен 210 млн кВт/саат таза электр энергиясын иштеп чыгат жана СО₂ газынын бөлүнүп чыгуусун жылына 120 миң тоннага азайтат. Мамлекет башчы Кыргызстан энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, зыяндуу заттарды азайтууга жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга умтулуп, кайра жаралуучу энергия булактарын колдонууну жана энергияны үнөмдөө чараларын акырындап кеңейтип жатканын белгиледи.

"Күн электр станциясынын ачылышы – өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоодо жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүдөгү маанилүү этаптын башталышы. Биз кайра жаралуучу энергия булактарын жигердүү өнүктүрмөйүнчө, калкты жана экономика субъекттерин туруктуу электр энергиясы менен толук камсыз кылуу мүмкүн эмес экенин түшүндүк", – деди Садыр Жапаров.
DOS_0078.width-800

Президент министрлер кабинети менен инвесторлордун ортосундагы ырааттуу иш-аракеттердин натыйжасында жалпы кубаттуулугу 5 гигаваттан ашкан күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча 12 келишимге кол коюлганын баса белгиледи.

Ушул жылдын январь айында Энергетика министрлигинде коллегиялык жыйын өтүп, анда 2026-жылга карата пландар жана бардык коюлган милдеттерди аткаруу, анын ичинде жаңы электр станцияларын пайдаланууга берүү маселелери талкууланды.

Мисалы, жакынкы айларда Ысык-Көл облусунда күн электр станцияларынын курулушун аяктоо жана андан соң аларды ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын коммерциялык маселелер боюнча башкы директорунун орун басары Уларбек Дүйшө уулу билдирди.

Prezentatsiya1_BTlgXp6.width-800
"Жакынкы айларда Ысык-Көл облусунда күн станцияларынын курулушу аяктап, ушул жылы аларды пайдаланууга беребиз. Мындай долбоорлордун эсебинен биз электр энергиясынын тартыштыгын жоюуну көздөп жатабыз", – деп белгиледи ал.

Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев чоң кубаттуулуктагы күн электр станцияларын ишке киргизүү тууралуу айтып берди.

Фонддун башчысынын маалыматы боюнча, 2026-жылы Кыргызстанда "жашыл" энергетиканы өнүктүрүүгө жана өлкөнүн энергия балансындагы кайра жаралуучу булактардын үлүшүн жогорулатууга багытталган бир катар күн электр станцияларынын долбоорлорун пайдаланууга берүү жигердүү пландаштырылууда.

1528154.3c7a62ca5fab6f44b75bd5a173fea991.width-800

Баткен районунун Ак-Татыр айылында инвестор "Ак-Татыр Энерго" ЖЧКсы кубаттуулугу 600 МВт болгон күн электр станциясынын долбоорун ишке ашырууда. Жер тилкесинин аянты 1232 гектарды түзөт. Кубаттуулугу 200 МВт болгон биринчи фазасын 2026-жылдын сентябрь айына чейин ишке киргизүү пландалууда.

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагына караштуу Кызыл-Өрүк айылында "Реца" ЖЧКсы жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болгон күн электр станциясын куруп жатат. Кубаттуулугу 150 МВт болгон биринчи фазасы 2026-жылдын апрель айында ишке киргизилет.

Тору-Айгыр айылындагы дагы бир долбоорду "Бишкек-Солар" ЖЧКсы ишке ашырууда. Жалпы кубаттуулугу 300 МВт болгон станциянын 100 МВттык биринчи фазасын 2026-жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда. "Бул долбоорлор салттуу энергия булактарына болгон көз карандылыкты азайтууга, таза электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана аймактарды туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Буга чейин Энергетика министрлиги электр тармактарын модернизациялоо жана трансформаторлорду оңдоо пландарын билдирген, бул күн энергетикасын өнүктүрүү менен айкалышып, өлкөнүн электр энергиясына болгон өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандырууга жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жардам берет", – деди Эмилбек Орозбаев.

DOS_0021.width-800

Жаңы станциялардын ишке кириши ошондой эле "жашыл" туризмди жана кайра жаралуучу энергия индустриясын өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана Кыргызстандын энергетика секторуна заманбап технологияларды киргизүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Улуттук энергетикалык стратегияга ылайык, 2030–2035-жылдарга карата кайра жаралуучу булактардын үлүшү (ири гидроэнергетикадан тышкары) өлкөнүн энергия балансынын олуттуу бөлүгүн түзүшү керек. Ал эми күн энергетикасы маанилүүлүгү боюнча гидроэнергетикадан кийинки экинчи булакка айланууга тийиш. Кыргызстандагы күн энергиясынын объективдүү потенциалы ондогон гигаватт деп бааланат, бул учурдагы кубаттуулуктардан кыйла жогору.

Мунун баары өлкөнүн кыйла туруктуу, экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү энергетикалык системага карай жигердүү багыт алганын көрсөтүп турат.

DOS_0025.width-800