Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. 2040-жылга чейин кайра иштетүүнүн деңгээлин 10 эсе көтөрүп 50 пайызга чыгаруу, жергиликтүү дыйкан-фермерлердин кирешесин көтөрүү максаты коюлган. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди.
Анын айтымында, учурда кайра иштетүүнүн деңгээли 5 пайызды түзүүдө.
“Быйылкы жылдын планына ылайык, айыл чарба жана кайра иштетүү боюнча жалпысынан 63 ишкананы ачуу пландалган. Негизи министрлер кабинети тарабынан 128 реалдуу сектор боюнча ишкана ачуу пландалса, анын 19 ишканасы айыл чарбасына тиешелүү ири ишканалар болуп саналат. Алардын айрымдарына токтолсок, Ысык-Атада 40 миң тонналык картошка сактоочу жай, Ош облусунда миң тонналык мөмө-жемиштерди тоңдуруучу логистикалык борбор, Бишкекте 1,5 миң тонналык соода-логистикалык борбор курулууда. Бардыгы болуп 7 облуста жалпы айыл чарба багытында 63 ишкана курулууда”,- деди ал.
Ошондой эле өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү чакан цехтерди аймактарда ачууга басым жасалып жаткандыгы маалымдалды.
“Күнүмдүк тамак-ашка колдонулуучу өсүмдүк майы менен калкты камсыздоо максатында өлкө райондорунда 10дон ашык май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү кичи цехтерди ачуу иштери жүрүүдө. Мурда Чүйдө 1-2 эле май чыгаруучу ири завод иштеп келген. Эми аймактарда да чакан цехтерди көбөйтүү иши колго алынды”,- дейт Чыналиев.
Андан тышкары, быйыл Ысык-Ата районунда терини кайра иштетүүчү завод курууга жер жана каражат бөлүнүп, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, кайра иштетүүнүн максаты фермер-дыйкандар өндүргөн продукцияны чийки зат боюнча арзан баада сатпай, кайра иштетип, тангактап, өздүк бренд менен жогорку баада сатуу.