БШК төрагасынын орун басары алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 14 апрель 2026 16:35
БШК төрагасынын орун басары алмашты

ишкек, 14.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде Бахадыр Коңуров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматын тапшырды.

БШКдан билдиришкендей, анын ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева БШК мүчөлөрүнүн бир добушу менен төраганын орун басары болуп шайланды.