Бразилияда учак кулап, эки адам каза болду

Дүйнө 7 февраль 2025 18:21
Бразилияда учак  кулап, эки адам каза болду

Бишкек, 07.02.25. / Кабар/. Бразилиянын Сан-Паулу шаарында учак кулап, кеминде эки адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Агенттик маалымдагандай, Бразилиянын King Air F90 чакан учагы Авенида Маркес-де-Сан-Висенте трассасына жакын жерде автобуска кулаган.

Курман болгондор өтүп бара жаткан байкер жана кырсык болгон жерге жакын жердеги тротуарда турган аял болгон.