Бообек Ажикеев Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринен кабар алды

Аймак 970 06 Февраль 2025 12:33
475462937_1019860920186634_7889784417705194679_n.jpg
475873216_1019859963520063_8928508874604569065_n.jpg
475889391_1019859696853423_954244537621756575_n.jpg
475550697_1019863766853016_1826088263090727134_n.jpg
475975277_1019859843520075_3486684400908941781_n.jpg
475979761_1019859720186754_1134116475827905969_n.jpg
476017131_1019859710186755_935152076801820214_n.jpg
476124454_1019859653520094_329494079305763754_n.jpg
476378482_1019859723520087_2691986705266239890_n.jpg
476436381_1019859873520072_7234409079276085867_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Араван районунун Маңгыт айыл аймагындагы Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Араван-Сай дарыясынын 800 метр аралыгын бекемдөө пландалган. Бул дарыя жээгиндеги кооптуулукту толугу менен жоюуга өбөлгө болмокчу.

Министр Аравандын Көк-Сарай тилкесинде курула турган полигондун ордун карап чыгып, андан соң Арап жана Чертик айылдарында болду. Араван-Сай дарыясынын жээктериндеги эрозиядан улам жаралган кооптуу абалды өз көзү менен көрүп чыгып, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.
Бул аймакта 150 турак жай жана 65 гектар айыл чарба жери коркунучта турганы айтылды.

Кошумчалай кетсек, министр иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районундагы Машрап-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө, Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолунун боюндагы коргоочу дамбанын курулушу менен таанышмакчы. Андан соң Өзгөн районунда болот.