Теңгиз Бөлтүрүктүн “кадр жетишсиздиги” тууралуу сөздөрү жөн гана манипуляция – Саралаев

Коом Загрузка... 09 Март 2026 13:31
648113163_26188911297431020_4428452361828378487_n.jpg

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Убагында “Кумтөр” компаниясын башкарган Теңгиз Бөлтүрүктүн Кумтөрдүн учурдагы кадр маселесине баа берип, өзүн “квалификациялуу адис” катары көрсөткөнү — коомду дүрбөлөңгө салуу максатындагы буюртма провокация экени көрүнүп турат. Бул тууралуу серепчи Тимур Саралаев билдирди.

Ал сөзү куру болбошу үчүн Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө токтолуп, бир катар фактыларды келтирди.

Тимур Саралаевдин пикиринде, Бөлтүрүктүн "1,42 млрд сом салык төлөдүк" деп мактанганы калп. 2022-жылы Кумтөр бюджетке 36 млрд сом гана төлөгөн. Анын 16 млрд сому — түз салык, 3,3 млрд сому — аванс жана 12,8 млрд сому — мурдагы жылдар боюнча кошумча төлөм (2015-жылдан бери "Центерра" төлөбөгөн салык, аны өкмөт төлөткөн). Ошондой эле Бөлтүрүк компания оор мезгилде турганда 55 миң долларлык айлыктан тышкары, 100 миң долларлык сый акыларды өзүнө-өзү жаздырганын белгилейт.

“Өзүнүн жакын адамдарына артыкчылык берип, аялын, балдарын, балдарынын досторуна чейин кызматка алып, тааныштарына чейин негизсиз жумуш берип, кызматкерлердин санын 37%га көбөйткөн. Бир эле мисал, анын чет өлкөлүк "гений" кеңешчилери 90 млн сомго жакын чыгым калтырган. Динара Кутмановага Бөлтүрүк Кумтөрдүн эсебинен Toyota Land Cruiser 200 белек кылган жана компания баштаган долбоорлордун көбүн ага өткөрүп берген. Бул ресурстарды жеке кызыкчылык үчүн колдонуу, кызматтык абалды жемкорлукка айлантуу деп эсептесе болот, анткени ортодо чоң кызыкчылык болгон”, — деди Саралаев.

Мындан тышкары, ал Бөлтүрүк "17 тонна алтын чыгаргам" деп мактанганын, бирок ошол мезгилде бай рудаларды ченемсиз колдонуп, келечекке абдан чоң зыян келтиргенин айтты.

"Кыска мөөнөттүү өндүрүш көрсөткүчү үчүн кенди "өлтүргөнгө" аз калган, анын кесепетин ишкана азыркы күнгө чейин тартып жатат. Ошондон улам алтындын көлөмү азыраак чыгып, кийинки жылдардын 5-6 тоннасын алдын ала казып алган. Бөлтүрүктүн кенди жоопкерчиликсиз башкарып, бай рудаларды жок кылганы, жакын адамдарга артыкчылык бергени жана чет өлкөлүк кеңешчилердин зыяндуу чечимдеринен улам Кумтөргө эбегейсиз финансылык зыян келтирилген. Бөлтүрүктүн "кадр жетишсиздиги" тууралуу сөздөрү — жөн гана коомду манипуляциялоо. Кадрлар жетиштүү, кен иштеп жатат”, — деп айтты Тимур Саралаев.