Блогер Жанара Осмоналиева үч суткага камакка алынды

Укук тартиби Загрузка... 17 Июнь 2025 22:30
IMG-20250617-WA0171.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Бишкек ШИИББи

Бишкек 17.06.2025 /Кабар/. Блогер Жанара Осмоналиева үч суткага камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июнда милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” аттуу Instagram колдонуучусунун баракчасына өтө одоно сөздөр айтылган видео жарыяланганын аныкташкан. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Бул факты Бишкек шаардык милициясынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 1993-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Ленин райондук милициясына өткөрүп берилген.

Ленин райондук соту тарабынан аталган жаранга КР Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси ("Бейбаштык") боюнча административдик жоопкерчиликке тартуу жана үч суткага камакка алуу чечими чыгарылган.

Шаардык милиция эскертет:

Эгерде сиздин жеке баракчаңызда коомго, өзгөчө жаштарга терс таасирин тийгизе турган, резонанс жаратып, жаңжалдарга алып келүүчү уятсыз контенттер жарыяланса мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

"Коомго урмат менен мамиле жасап, өз аракеттериңизге жоопкерчиликтүү болууну өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.