Бишкектеги 4 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы токтотулду

Экономика 3 август 2026 09:55
Бишкектеги 4 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы токтотулду

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Улуттук банк өткөн аптада мыйзам талаптарын бузган жарандарга жана акча алмаштыруучу жайларга карата бир катар таасир этүүчү чараларды колдонду.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, Ысык-Көл облусунун төрт жана Жалал-Абад облусунун эки тургунуна Кыргызстандын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн 17,5 миң сомдон айып салынды. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда лицензиясыз чет өлкө валютасын накталай алмаштырган дагы бир жаран 17,5 миң сом айыпка жыгылды.

Мындан тышкары, 30-июлдан 13-августка чейин Бишкектеги "Арча Моней", "Аника", "Гранд Кэш" жана "Престиж Мани А" акча алмаштыруучу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду.