Бишкекте жарандардан системалуу түрдө акча алып жүргөн дарыгер кармалды

Укук тартиби Загрузка... 09 Июль 2025 15:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери жарандардан системалуу түрдө акча каражаттарын опузалагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан оң корутунду берүү үчүн системалуу негизде акча чогултуу боюнча мыйзамсыз схеман уюштурган дарыгер С.Д.А. кармалды.

Ал Бишкек шаардык "Башкы архитектурасынан" уруксат алуу үчүн тиешелүү тараптарга санитардык нормалардын сакталышын тастыктаган уруксат кагаздарын мыйзамсыз берип жүргөн.

12-июнда С.Д.А.нын "Мбанк" электрондук капчыгына чоң өлчөмдөгү акча каражаты которулган. Ошондой эле өздүк тинтүү учурунда С.Д.А.нын жанынан 25 миң сом, ал эми унаасынан 55 миң сом акча каражаты табылып алынган. Бул акча каражаттарынын келип чыгышын С.Д.А. түшүндүрүп бере алган эмес.

Бул кылмыш ишинин алкагында дарыгер С.Д.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин ичинен аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Ошол эле учурда Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери тарабынан берилген уруксат кагаздарынын мыйзамдуулугу жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайыктуулугу текшерилип, мыйзамга ылайык келбеген учурда берилген уруксат кагаздары жокко чыгарылат.

УКМК коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын катаалданышына байланыштуу өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү жана максаттуу иштер жүргүзүлүп жатканын эскертет.