Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борбору расмий ачылды.
Ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук жана маданий ишмерлер, элчилер катышууда.
Иш-чаранын катышуучуларына конгресс-борбор тууралуу видео ролик көрсөтүлдү.
Мамлекеттик маанидеги бул заманбап комплекс эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө ылайыкталган.
Конгресс-борбор 14,7 гектар аянтты ээлеп, борбордук имараттан жана расмий делегациялардын башчылары менен жогорку даражалуу конокторду кабыл алууга арналган 8 мейман үйүнөн турат. Ошондой эле бул борбордук имаратта 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, миң адамга ылайыкталган банкет залы, 235 орундуу пресс-зал жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө арналган атайын залдар жайгашкан.
Мындан тышкары, мейман үйлөрүндө жогорку даражалуу коноктордун жайлуу эс алуусу жана иш жолугушууларын өткөрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анда жашоо жана иш бөлмөлөрү, жолугушуу залдары жана эс алуу зоналары каралган. Комплекс мындан ары Кыргызстанда ири эл аралык иш-чараларды жана расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн колдонулат.
Белгилей кетсек, бул борбор мамлекеттин эсебинен курулган.