Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. 19-20-октябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындары өтөт.
Парламенттен билдиришкендей, иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга Түркия, Казакстан жана Азербайжандын парламент жетекчилери баштаган депутаттар, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн делегациялары келишет.
19-октябрда ТүркПАнын Аял парламентарийлер форуму жана Жаш парламентарийлер форуму өз ишин баштайт. Ал эми 20-октябрда ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринин кеңеши жана XV пленардык отурум өтөт.
Белгилей кетсек, ТүркПАнын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Белгилей кетсек, күн мурун Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова Кыргызстанга расмий сапары менен келген.