Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Бишкекте трамвай жолдорун куруу, метробус системасын киргизүү жана метро куруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул маселелер күн мурун мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдын жолугушуусунда каралды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү да катышты.

Тараптар транспорттук долбоорлордун техникалык-экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун баалоону жана мындан аркы иш-аракеттердин жол картасын иштеп чыгууну талкуулашты.
Франция тарап келечектүү долбоорлорду даярдоо иштерине каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.