Бишкекте таштандыны кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү завод жыл аягында ишке кирет

Министрлер кабинети Загрузка... 03 Апрель 2025 17:53
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча курулуп жаткан экотехнологиялык заводго барды.

Завод айланма жолдо, санитардык полигондун аймагында жайгашкан, бул таштандыларды ташууда транспорттук чыгымдарды азайтат.

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Адылбек Касымалиевге долбоор боюнча маалымат берди. Заводдун жалпы аянты 12 гектарды түзүп, инвестициянын жалпы көлөмү 95 млн долларын түзөт.

Биринчи этапта суткасына 1000 тонна таштандыны кайра иштетип, күнүнө 460 МВт, ал эми жылына 180 000 МВтка барабар электр энергиясын өндүрүү пландаштырылууда. Келечекте кубаттуулукту суткасына 3000 тонна таштанды чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Ошондой эле, өндүрүштүк зоналарды жайгаштыруу схемасы көрсөтүлдү: жүк түшүрүү залы, таштанды аянтчасы, от казан, түтүн газын тазалоочу аянт, турбиналык цех жана гидравликалык аймак. Айлана-чөйрөгө минималдуу таасирди камсыз кылуучу түтүн газын тазалоонун заманбап технологияларына өзгөчө көңүл бурулду.

Учурда административдик имараттын жана негизги өндүрүштүк корпустун пайдубалын куруу иштери аяктап, бетон иштери 4-кабатка жеткен. Подрядчы заводдун курулушун аяктап, ишке киргизүү 2025-жылдын декабрына белгиленгенин билдирди.

Адылбек Касымалиев долбоордун шаардын экологиялык көйгөйлөрүн чечүү, таштандыларды чыгаруу көлөмүн азайтуу жана борбордун энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатуу үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.

“Бул завод өлкөдө биринчи болуп саналат жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышы Бишкектин туруктуу өнүгүшүнө маанилүү кадам болот”, - деп белгиледи ал.