Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. 8-майда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парад өтөт.
Азыркы учурда борбор калаанын четинде парадга даярдык иштери жүрүп жатат.
Парадга 120дан ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу системалары жана авиация жана 3 миң адам катышат. Ошондой эле Жеңиш парадынын техникалык бөлүгүндө республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган эң заманбап техникалар коюлат.
Буга байланыштуу министрлик кыргызстандыктардан көрсөтүлгөн мөөнөттө аскердик техниканын кыймылына жана учактардын учууларына түшүнүү менен мамиле кылуусун суранган.