Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Коргоо министри Руслан Мукамбетов өлкөнүн түндүк аймагына жасаган иш сапарынын алкагында Нарын облусундагы аскер бөлүгүнө жана аскер комиссариаттарына барды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун аскер комиссариаттарын кыдырып, алардын ишмердүүлүгүнүн уюштурулушу, материалдык-техникалык базасынын абалы жана кызматчылардын иштөө шарттары менен таанышты.
Аскер комиссариаттарынын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр курулуш объектилерин кыдырып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Мында курулуштун сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө басым жасалды.
Ошондой эле Руслан Мукамбетов аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жана аскер комиссариаттарынын кызматчылары, анын ичинде Куралдуу күчтөрүнүн жарандык персоналы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматтык ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери жана иштөө шарттары талкууланды.
Министр жолугушууда катышуучулардын кайрылууларын угуп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди. Бир катар маселелер жеринде чечилди.
Иш сапар коргоо ведомствосунун жетекчилигинин аскер бөлүктөрүндөгү жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарындагы иштин абалын жеринен изилдөө, алардын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу, инфраструктурасын өнүктүрүү жана жеринде орун алган актуалдуу маселелерди чечүү багытындагы ырааттуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.