Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бишкекте окуучунун өлүмүнөн соң №72 мектептин жетекчилиги иштен алынды.
Муниципалитеттен кабарлашкандай, мэриянын Билим берүү департаментинин буйругу менен аталган мектептеги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн.
Маалым болгондой, бүгүн жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен аталган мектептин директору Д.А.Назаркулова, директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Орозбаева, социалдык педагог М.Базарбаева, класс жетекчиси А.Каракойчиева функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Жал кичи районунда жайгашкан Сыдыков атындагы №72 орто мектептин ажатканасында 8-класстын окуучусу ур-токмокко кабылып, ооруканада көз жумганын айткан.
Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы №72 мектептин окуучусунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.