Бишкекте мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөн УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Укук тартиби Загрузка... 07 Июль 2025 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарында алдамчылык жана мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, мыйзамсыз эмгек миграциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде Түштүк Азия мамлекеттеринин биринен келген 20 чет элдик жарандын жашап жана иштеп жүргөндүгү белгилүү болгон. Алар өлкө аймагында тиешелүү уруксат кагаздары жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкени аныкталды.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө имараттын ижарачысы өзүн улуттук коопсуздук органдарынын учурдагы кызматкери катары тааныштырган жаранга олуттуу суммадагы акча каражатын бергендиги аныкталган. Ал цехте иштеген эмгек мигранттарын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүгө жана компетенттүү органдар тарабынан мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн "жаап-жашырууну" убадалаган.

Аталган жарандын чындыгында УКМКга эч кандай тиешеси жок экендиги, мурдарак аталган органдан иштен бошотулгандыгы аныкталган. Ошого карабастан ал жабырлануучу тарап менен байланышты улантып, берген убадаларын аткарууну кечеңдетип, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ынандырып жүргөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, ишкер менен жалган кызматкердин ортосунда акча каражаттарын жарым-жартылай кайтарып берүү фактылары катталып, аудио жана видеоматериалдар менен тастыкталган. Кийинчерээк, аталган жалган кызматкер убадаларын толук аткарбай, баардашуудан баш тарткан.

Жабырлануучу тараптын арызынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 2-июль күнү шектүү Бишкек шаарынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды, ошондой эле ушул сыяктуу алдамчылыктын мүмкүн болгон түрлөрүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

УКМКнын атынан опузалап акча талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу же алдамчылык фактылары аныкталган учурда –ыйгарым укуктуу органдарга токтоосуз, тез арада билдирүүгө чакырат.