Бишкекте мыйзам бузган төлөм уюмуна 220 миң сом айып салынды

Экономика 4 август 2026 10:20
Бишкекте мыйзам бузган төлөм уюмуна 220 миң сом айып салынды

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Бишкекте мыйзам бузган төлөм уюмуна ири көлөмдөгү айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төлөм уюму мыйзам талаптарын жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген. Буга байланыштуу жалпы суммасы 220 миң сом айып пул салынды.

Мындай чаралар төлөм уюмдарынын ишмердигинин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылууга багытталган.