Бишкекте кыргыз-беларусь бизнес-форуму өтөт — Кабар

Бишкекте кыргыз-беларусь бизнес-форуму өтөт

Экономика 30 март 2026 13:50
659952860_4578013925759386_430803363175806645_n.jpg
658165746_4578013919092720_5750820212138068638_n.jpg
Алдыга
Артка
659952860_4578013925759386_430803363175806645_n.jpg
658165746_4578013919092720_5750820212138068638_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстандын Беларустагы элчилиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Бишкекте кыргыз-беларусь бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айына Бишкек шаарында пландалып жаткан кыргыз-беларусь бизнес-форумуна карата даярдыктар Беларусь соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен талкууланды.

"Бул бизнес-форум Кыргызстан менен Беларустун ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды тереңдетүү боюнча аракеттердин уландысы болуп эсептелет. 2025-жылдын июнь айында кыргыз-беларусь бизнес-форуму Минск шаарында өткөн", — деп белгиледи элчи.

Ошондой эле Султанбаев белгилегендей, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштардын бекемделишин эске алуу менен Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү акыркы эки жылда дээрлик эки эсеге өстү.

Алсак, 2023-жылы 117,7 млн доллар болсо, 2025-жылы 206,8 млн долларды түздү. Анын ичинде Кыргызстандын экспорту 30%дан ашык өскөн (2023-жылы — 33 млн доллар, 2025-жылы — 44,6 млн доллар).