Бишкекте курулушта мыйзамсыз иштеген 39 кытай жараны кармалды

Укук тартиби 20 май 2025 13:00
497800818_1537671793858490_5965898275631250038_n.jpg
497863888_1537671503858519_8945687160968818191_n.jpg
497938754_1537671800525156_6820736422038362916_n.jpg
Алдыга
Артка
497800818_1537671793858490_5965898275631250038_n.jpg
497863888_1537671503858519_8945687160968818191_n.jpg
497938754_1537671800525156_6820736422038362916_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 20.05.25 /Кабар/. Бишкекте курулушта мыйзамсыз иштеген 39 Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комтетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайдын 39 жаранын Бишкекте курулуп жаткан объектилердин биринде мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды.

Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын аймагында жүргөндө туристтик визанын негизинде мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүшкөнү такталган.

КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, чет өлкөлүктөр ички иштер органдарына чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргызстанда болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруунун же транзиттик жүрүүнүн эрежелерин бузгандыгы жөнүндө протоколдорду тариздөө үчүн административдик айып салуу менен алынып келинген.

КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренесине ылайык, курулуш компаниясынын жетекчилигине белгиленген өлчөмдө айып салуу менен КР чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу жөнүндө протокол жазылган.

УКМК менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдардын жетекчилерине Кыргызстандын аймагына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууда миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет.