Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бишкекте коопсуздук талаптарын сактабаган курулуш компаниясына айып пул салынды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигиненен билдиришкендей, Кокон тар көчөсү 25, 23, 21 жана 19 даректеринде жайгашкан 9 кабаттуу турак жай жана 7 кабаттуу административдик борбордун курулуш объектиси текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө курулуш ченемдеринин жана коопсуздук талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Байхан Строй” ЖЧКсына карата текшерүү актысы түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
Ошондой эле компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.