Карылар күнүнө карата: Бишкекте акысыз музыкалык кече өтөт

Коом 18 сентябрь 2026 17:20
Карылар күнүнө карата: Бишкекте акысыз музыкалык кече өтөт
copyright icon www

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө арналган музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чаранын алкагында "алтын курактагы" көрүүчүлөргө сүйүктүү обондор, жагымдуу эскерүүлөр жана жылуу маанай тартуулаган музыкалык спектакль сунушталат.

Кече көрүүчүлөргө көңүл буруп, жакшы маанай тартуулоону, ошондой эле искусство жана баарлашуу чөйрөсүндө убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөйт.

Иш-чара саат 13:00дө башталат. Пенсионерлер үчүн кирүү акысыз.

Иш-чара Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 122 (Эмен багы) дарегинде өтөт.

Байланыш телефондору: +(312) 662032, 0552 662032.