Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 27-февралында III эл аралык “Digital Kyrgyzstan” плас-форуму өтөт.Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, форум Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен өтүп, ага алдыңкы жөнгө салуучу органдардын, банктардын, финтех компанияларынын жана чекене ритейлдин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Иш-чаранын программасы Кыргызстандын заманбап санариптик коом катары мындан аркы өнүгүүсүнүн эң актуалдуу аспектилерин талкуулоону, банк ишин, финтехти жана соода чекенесин трансформациялоону камтыйт.
Форум төмөнкү темаларды камтыйт:
-Кыргызстан жана санариптик коом;
-eGOV жана G2C;
-креативдик экономика;
-санариптик банкинг жана финтех;
-төлөм бизнеси;
-киберкоопсуздук;
-криптовалюталар жана блокчейн ;
-электрондук коммерция жана оффлайн чекене соода;
-техникадагы аялдар;
-AI, ChatGPT;
-банктык өзүн өзү тейлөө;
-биометрика;
-исламдык каржылоо.
Плас-Форум бул:
- Бай бизнес программасы;
- Эл аралык алдыңкы эксперттер менен баарлашуу;
- ийгиликтүү долбоорлор жана кейстер;
- Эффективдүү тармак;
- Жөн эле иш-чара эмес, бул идеялар жана бизнес байланыштар үчүн аянтча.