Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 1 июль 2025 10:55
515277797_1572524603706542_7324653975325584501_n.jpg
514194388_1572524667039869_2986161724571603522_n.jpg
514306329_1572524653706537_660427321843920780_n.jpg
514364475_1572524263706576_6170421948094271432_n.jpg
514507205_1572524250373244_4650035746205149307_n.jpg
514578092_1572524643706538_7340274981859970389_n.jpg
514589731_1572524633706539_2654476121108895033_n.jpg
515507468_1572524607039875_1098726681973681646_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек 1.07.25 /Кабар/. Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып, ошондой эле Бишкекте жашыруун жыйындарды өткөрүп, жаңы мүчөлөрдү тартуу аракетин көргөн "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, 5 мүчөсү кармалды.

Кармалгандардын үйлөрүн тинтүү учурунда көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары табылган.

Кармалгандар "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экенин моюнга алышкан.

Мындан тышкары, алардын лидерлери мурда экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн сот жообуна тартылган. Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК жарандардын диний-экстремисттик уюмдарды түзүү жана алардын ишине катышуу КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.