Бишкекте “Гидроэнергетика – Борбор Азия жана Каспий” эл аралык конгресси өтүүдө

Экономика 7 апрель 2026 11:10
WhatsApp_Image_nH46I8H.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
WhatsApp_Image_KwG1q7V.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_mxfz7IR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_iAKhqKZ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_QmE6PCA.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_hUZuI1l.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_qzEHcBI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Izpwmiv.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарында "Гидроэнергетика – Борбор Азия жана Каспий" аталышындагы 10-юбилейлик эл аралык конгресс өтүүдө.

Иш-чаранын уюштуруучусу Елизавета Смирнова "Кабар" агенттигине билдиргендей, конгресс 10-ирет өткөрүлүп жатат, анын ичинен үч жолу Кыргызстанда уюштурулган.

Анын айтымында, иш-чара Энергетика министрлигинин колдоосу астында өтүүдө. Конгресске Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Грузия, Кытай, Түркия жана Европанын Дания, Чехия, Германия, Нидерланд сыяктуу өлкөлөрүнөн өкүлдөр келишкен.

Жалпысынан гидроэнергетика тармагындагы негизги операторлор, энергетикалык компаниялар, башкы подрядчылар, технология жана кызмат көрсөтүүчүлөр болуп, 200дөн ашуун адам катышууда. Ошондой эле аймактагы гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан адистер жана инвесторлор да бар.

Конгресстин негизги максаты тажрыйба жана билим алмашуу, жаңы ишкердик байланыштарды түзүү жана өнөктөштүктү кеңейтүү болуп саналат.