Бишкек, 15.10.26 /Кабар/. Бишкектеги “Жаштык Арена” аянтчасында “KYRGYZSTAN EXPO 2026” жана “EXPO EURASIA KYRGYZSTAN 2026” эл аралык көргөзмөлөрү өтүп жатат. Иш-чарага жети өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.
Көргөзмөлөрдүн алкагында Бишкек бизнес-форумун, тармактык тегерек столдорду, ишкерлердин B2B форматындагы эки тараптуу жолугушууларын жана инвестициялык-өндүрүштүк долбоорлордун презентацияларын өткөрүү пландалган.
Иш-чараны Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы уюштурууда. Көргөзмөлөр 17-октябрга чейин уланат.
"Кабар" агенттиги иш-чарадан сүрөттөрдү сунуштайт.