Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарында15-17-октябрларда “KYRGYZSTAN EXPO – 2026” жана II Эл аралык өнөр жай “EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026” көргөзмөлөрү өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар “Жаштык Аренада” өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Түркия, Кытай, Афганистан, Пакистан жана Өзбекстандан компаниялар менен бизнес өкүлдөрү катышат.
Көргөзмөлөрдүн алкагында өнөр жай, курулуш, энергетика, мунай-газ жана тоо-кен тармагы, машина куруу, транспорт жана логистика, медицина жана фармацевтика, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы, суу тазалоо, IT жана инновациялык технологиялар, финансы жана бизнес кызматтары боюнча продукциялар жана долбоорлор сунушталат.
Ошондой эле кыргызстандык ишканалар өз продукцияларын, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, кызматтарын жана инвестициялык долбоорлорун эл аралык бизнес өкүлдөрүнө тааныштырат.
Иш-чаранын алкагында Бишкек бизнес-форуму, пленардык жыйындар, эл аралык конференциялар, тармактык тегерек столдор, компаниялардын презентациялары, ишкердик байланыштар биржасы жана B2B жолугушуулар өткөрүлөт.