“Кыргызстан Экспо – 2026” жана “Экспо Евразия”: Бишкекте эки ири көргөзмө өтөт

Коом 27 августа 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-08-27 at 12.21.51.jpeg

Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. 15–17-октябрда Бишкек шаарындагы “Жаштык Арена” спорт комплексинде эки эл аралык көргөзмө — “Кыргызстан Экспо – 2026” жана “Экспо Евразия Кыргызстан – 2026” өтөт.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, иш-чараларга Кытай, Япония, Түштүк Корея, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Тажикстан, Түркия жана башка өлкөлөрдөн компаниялар менен делегациялар катышат.

“Көргөзмөлөрдүн алкагында B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар, ишкердик сүйлөшүүлөр, компаниялардын жана инвестициялык долбоорлордун презентациялары, тармактык тегерек столдор өтөт. Ошондой эле кызматташтык боюнча келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлат”, — деп айтылат маалыматта.