Бишкекте чет элдиктер уюштурган онлайн казинонун ишмердүүлүгү токтотулду

Укук тартиби 2 май 2025 15:35
494470470_1075546717927662_7011087582927254585_n.jpg
494470450_1075546611261006_6554089126134801450_n.jpg
494622084_1075546657927668_5836891764861551909_n.jpg
494669488_1075546707927663_6322780738136214830_n.jpg
494748812_1075546731260994_770467388996966892_n.jpg
495106013_1075546664594334_623393509123435601_n.jpg
495446290_1075546604594340_3671383815078474990_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 02.05.25. /Кабар/. Бишкекте чет элдиктер уюштурган онлайн казинонун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө башка мамлекеттин жарандары Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан үйдө алдамчылык менен алектенип жаткандыгы аныкталган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүргүшүндө ижарага алынган үйдө жашап, коюмдарды (ставкаларды) кабыл алган "Покер" онлайн-казиносун уюштурган башка өлкөнүн жарандарынын тобу кармалды.

Тинтүү жүргүзүүдө күчтүү заманбап техникалык түзүлүштөрү менен жабдылган жабдуулар: системалык блоктор, спутниктик антенналар, электр менен жабдуу блогу, роутерлер алынган. Ошондой эле мобилдик аппараттардын 23 даана, ноутбук жана планшеттер алынган.

Учурда аталган топтогу адамдардын аракеттеринен Кыргыз Республикасынын жарандарына келтирилген материалдык зыянды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.