Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Бишкекте 93 лифт модернизацияланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, лифттерди жаңылоо иштери сентябрь айында башталган.
Бүгүнкү күнгө карата 16 лифт толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилди. Дагы 18 объектте иштер жыйынтыктоо алдында турат.