Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короого токтотулду

Укук тартиби Загрузка... 11 Май 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-05-11 at 05.55.31.jpeg
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 11.05.25. /Кабар/. Бишкекте атайын автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Белгиленгендей, социалдык тармактарда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа атайын автоээнбаштык жасап, коомчулуктун тынчын алып жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

"Бул факты боюнча ЖКККББнын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аталган унааны таап, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн айдоочусуна 15 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту. Эми бул айдоочу кайталап автоээнбаштык жасай турган болсо алты айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат", - деп белгилешти башкармалыктан.

Урматтуу жарандар эгерде көчөдө мына ушунда жол эрежелерин бузуу фактыларына күбө болсоңуздар ЖКККББнын 0777 102 102 ишеним номуруна жөнөтүп койсоңуздар болот. Биз тараптан тийиштүү чаралар көрүлөт.