Бишкекте “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун экинчи күнү өтүүдө

Коом Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Бишкекте “АгроДиалог- 2025” агроөнөр жай форумунун экинчи күнү өтүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Форум республикадагы мал чарбачылыгын мыкты өздөштүрүп, жакшы көрсөткүчтөргө жана экономикалык жетишкендиктерге жеткен фермерлерге дагы да түрткү берүү, алардын тажрыйбасын жайылтуу жана фермерлерге үлгү көрсөтүү максатында уюштурулууда.

Бүгүн форумдун экинчи күнүндө мал чарбачылыгы боюнча 16 алдыңкы дыйкан-чемпион өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, ар кайсы аймактардан келген катышуучуларга мастер-класстарын өткөрүүдө. Алар асыл тукум мал чарбачылыгын өздөштүрүүдө заманбап ыкмаларды жана мыкты технологияларды көрсөтүү менен тажрыйба алмашышат.

Белгилей кетсек, 28-29-30-31-январь күндөрү Бишкекте жылдын маанилүү иш-чарасы “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форуму өтүп жатат.

“АгроДиалог- 2025” агроөнөр жай форумунун күн тартиби:

  • 29-январда - мал чарбасы боюнча талкуу өтүп жатат;
  • 30-январда- кайра иштетүү жана экспорт боюнча талкуу;
  • 31-январда- жыйынтыктоочу бөлүк.

Төрт күнгө созулган иш-чарага айыл чарба тармагынын лидерлери, мыкты фермерлер, ишкерлер жана адистер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Форум ишкерликти өнүктүрүүгө, экспортко жол ачууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет.

“Агро-Диалог 2025” Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы атаандаштыкты жана экономикалык өнүгүүнү арттырууда маанилүү аянтча болуп эсептелет. Агрофорумдун жыйынтыгында мыкты практикалар жалпыга жайылтылып, дыйкандар арасында туруктуу өнүгүү принциптерин бекемдөө күтүлүүдө.