Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Бишкекте 49 көмөк чордон техникалык тейлөөдөн өтөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Бишкек электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы "Главная", "Нижняя-Ала-Арча", "Кант", "Лермонтов", "ДСК", "Водоканал" көмөк чордондордун 185 жабдуусун капиталдык оңдоодон, 49 көмөк чордондун 3180 жабдуусун техникалык тейлөөдөн өткөрүүнү пландоодо.
Эске салсак, 2024-жылы энергетиктер тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунунун аймагында жайгашкан 9 даана көмөк чордондун жабдуусу капиталдык оңдоодон өткөн. Ал эми калган 49 көмөк чордондун 3113 жабдуусу техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.
Маалымат: Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында кВ – 2, 110 кВ – 30, 35 кВ – 17 жалпы 49 даана көмөк чордон бар.