"Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясы өз ишин баштады

Коом
WhatsApp Image 2025-04-24 at 07.43.12 (6).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-24 at 07.43.12 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-24 at 07.43.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-24 at 07.43.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-24 at 07.43.12 (5).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-24 at 07.43.12 (4).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясында "Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясы президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өз ишин баштады.

Эл аралык иш-чараны президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова ачып, конференциянын ишине ийгилик каалады.

Атайын өкүлдүн айтымында, конференцияга 50дөн ашуун мамлекеттин жана 30га жакын эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өлкөнүн министрлик, мекеме уюмдарынын кызматкерлери катышууда.

Белгилей кетсек, эки күнгө созулган эл аралык конференция президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын тарабынан аталган тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023-2027) алкагында өткөрүлүүдө.