Бишкек жана Чүйдө интернет аркылуу баңгизат сатуу каналы токтотулду

Укук тартиби 7 июль 2025 12:10
516104114_1124622319686768_6425550848503337904_n.jpg
514350461_1124622303020103_5761675384808035905_n.jpg
515292624_1124622216353445_520585469291262684_n.jpg
515506019_1124622243020109_5021817566692908711_n.jpg
515946396_1124622239686776_4012060910580268081_n.jpg
517437662_1124622316353435_7292146149057041685_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Telegram аркылуу элиталык марихуана сортторун сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында контролдук сатып алуулар жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кара куурайдын жогорку деңгээлде камтылган үлгүлөрү алынган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган, борбордун райондорунун биринин прокурорунун мурдагы жардамчысы М.у. Н. кармалып, анын жанынан баңгизаттар, прокурордун жардамчысынын күбөлүгү, банктык карталар жана уюлдук телефондор табылган.

Жашаган жерин тинтүүдө ири өлчөмдөгү марихуана, кара куурай менен спирттүү тундурмалар, ошондой эле өсүмдүктөрдү өстүрүүгө арналган жабдуулар — фито-нарколаборатория (гроутенттер, лампалар, термометрлер жана башкалар) табылып, алынды.

Мыйзамсыз ишмердүүлүккө каражаттар электрондук төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын атына катталган аккаунттар аркылуу түшүп турганы аныкталды.

Учурда КР аймагында баңгизат тараткан башка шериктерди жана каналдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.