Бишкек ШИИББдин аймактык бөлүмдөрүндө ротация болуп, жаңы жетекчилер дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 12 Февраль 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-02-12 at 15.57.50.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө ротация болуп, жаңы жетекчилер дайындалды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ротациялоо бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле ыкчам кырдаалды башкарууну оптималдаштыруу максатында жүргүзүлдү.

Ошентип, Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык:

- Түкебаев Тилек Мирбекович ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;

- Дуйшекеев Эрназар Нурдинович ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ башчысы болуп дайындалды;

- Аттокуров Талантбек Кантороевич ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;

- Аалиев Уланбек Карыбекович ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;

- Абиев Жумгалбек Журсунович ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Москва районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;

- Бекишов Акылбек Бекишевич ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, ИИМ укук тартибин бекемдөөгө жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган кадрдык чечимдерди ишке ашырууну улантат.