Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Ротация кадрдык потенциалды натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Бул тууралуу Жазык аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын прокурорунун улук жардамчысы Батыр Осмоналиев билдирди.
Ал белгилегендей, “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамынын талаптарды ишке ашыруу максатында Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын 2023-жылдын 30-августунда буйругу менен “Ротацияланууга тийиш болгон кызмат орундарынын тизмеги жана ротация жүргүзүү тартиби” бекитилген.
Ага ылайык, ротацияланууга тийиш болгон кызмат орундарына мекеме жетекчилери, орун басарлар, бөлүм башчылары, ыкчам-режимдик, өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп, финансылык, кадрлар кызматынын, нөөмөт, тарбия иштери боюнча кызматынын, медициналык жана кенже жетектөөчү курамдын кызматкерлери кирген.
Бул талап кызматкердин потенциалын натыйжалуу пайдаланууга, кызматтык, кесиптик өнүгүүсүнө жана кызматтык жактан өсүшүнө жакшы жөрөлгө болуусу менен бирге ишмердүүлүктө терс натыйжалардан арылуусуна шарт түзөт.
“Мындан улам кызматтык жактан өсүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле коррупциялык байланыштардын жана терс натыйжалардын алдын алуу максатында ротациялоо боюнча азык аткаруу мамлекеттик кызматынын системасында жалпы мониторингди ар дайым жүргүзүү менен жогорудагы мыйзам талаптарын ишке ашыруу аркылуу кызматкерлерди ротациялоо системдүү таризде аткарылышы заман талабына туура келет”, - деп айтты ал.
Мыйзамда көрсөтүлгөндөй:
- кадрдык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, кызматтык жана кесиптик өнүгүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматтык жактан өсүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле терс натыйжалардын алдын алуу максатында укук коргоо органдарында кызматкерлерди ротациялоо жүргүзүлөрү;
- ротациялоо укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечиминин негизинде 5 жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлүүсү жана ротацияланууга тийиш болгон кызмат орундарынын тизмеги жана аны жүргүзүү тартиби укук коргоо органы тарабынан аныкталары каралган.