Бишкек шаарынын мэринин орун басары пара менен кармалды

Укук тартиби 30 июнь 2025 11:44
WhatsApp Image 2025-06-30 at 11.39.23.jpeg
514013845_1571778410447828_2672174841446984018_n.jpg
514082746_1571778357114500_1194553669973662042_n.jpg
514338520_1571778440447825_5650451124658942209_n.jpg
514362070_1571778450447824_6018767459503703508_n.jpg
514475079_1571778430447826_2636040048145976408_n.jpg
514919133_1571778423781160_5764213161076920023_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 30.06.25 /Кабар/. Паранын бир бөлүгүн кайтарып берип жаткан учурда Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 27-июнда "Опузалап пара талап кылуу" фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда алынган 35 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатынын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын вице-мэри Б.Т.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Көрсөтүлгөн акча каражаттары Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн Б.Т.А. тарабынан талап кылынганы аныкталган. Бирок, Б.Т.А. акча каражаттарын алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.