Бишкек шаарынын башкы планы: Жарандардан 200дөн ашык сунуш түштү

Коом Загрузка... 03 Декабрь 2025 10:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. "Жаштык" аренада мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоору боюнча эксперттик талкуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага борбор калаанын башкы архитектору Медер Кыдырмаев, эксперттер жана активдүү жарандар да катышты. Ошондой эле башкы пландын долбоорун иштеп чыгуучулар – Санкт-Петербург перспективдүү шаарлар илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү видеобайланыш аркылуу кошулушту.

Эксперттик талкуу Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун жакшыртуу үчүн адистерден жана кызыкдар тараптардан кесиптик сунуштарды, ойлорду кабыл алуу, анын сапатын, реалдуулугун жана шаардын жана тургундардын муктаждыктарына шайкештигин камсыз кылуу максатын көздөдү.

Мэр башкы пландын долбоору ачык-айкын жана шаар тургундарынын катышуусу менен иштелип чыгып жатканын белгиледи. Анда 200дөн ашык расмий сунуштар берилди жана 10 миңден ашык сурамжылоого жооп алынды. Бардык сын-пикирлер жана демилгелер шаардын жалпы кызыкчылыктарын жана борбор калаанын узак мөөнөттүү өнүгүүсүн эске алуу менен каралат.

"Бишкек шаарынын мэриясы бүгүн талкууга ачык, биз эксперттердин пикирин уккубуз келет, алар бизге жакса да, жакпаса да, эгерде алар шаардын келечегин аныктаса, биз баарыбыз колдойбуз. Эгерде алар өнүгүү стратегиясына жана көз карашына шайкеш келсе, биз бардык сунуштарды карап чыгып, ишке ашырууга даярбыз", - деди мэр.

Муниципалитеттен белгилешкендей, бул ирет жолугушууга 300дөн ашык адам катышты жана ар бири башкы пландын долбоору менен таанышып, кошумча идеяларды сунуштай алды.