Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бишкек мэриясы унааларга катализаторлорду орнотуунун эффективдүүлүгүн баалоо боюнча эксперимент жасоодо.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жабдуулар Кытайдын Циндао университети тарабынан сунушталган.
Бул долбоор экологиялык жагдайды жакшыртуу жана абанын булганышынын деңгээлин азайтуу максатында ишке ашырылууда.
Жабдуулар Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогерлер Максим Золотых менен Айбек Эркинбек уулунун автоунаасына орнотулду.
Ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери бул унааларды катализаторлорду орнотууга чейин жана кийин текшеришкен.
Маалыматта белгиленгендей, изилдөөнүн жыйынтыгы Бишкек шаарындагы абанын сапатына унаалардын тийген таасирин аныктоого жана шаардын экологиялык кырдаалын жакшыртуу үчүн мындан аркы кадамдарды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, борбор калаады абанын булганышынын негизги булактары болуп жеке сектор (40%) жана эски автоунаалар саналат, алар булгоочу булактардын жалпы санынын 30% түзөт.
Эске салсак, Бишкек шаарында катталганына 15 жылдан ашкан 333 801 унаа бар.