Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Минкабдын чечимине ылайык, ушул жылдан тартып Бишкек шаарында тазаланбаган майда көмүр жагууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде эскертти.
Анын айтымында, эгер бул көрүлгөн чаралардын баары аткарылса, шаардагы ышты азайтуу аракеттери ишке ашат.
“Борбор калаадагы ыш көйгөйүн чечүүнүн негизги жолу газдаштыруу. Азыр шаардагы жаңы конуштарды газдаштыруу жүрүүдө. Айрым конуштардын тургундары өздөрү да үйлөрүнө газ киргизүүгө кызыкдар. Бирок, газ киргизген учурда да шаар тургундары газды жылытууга колдонбой, тиричиликке гана пайдаланышууда. Газ менен иштей турган от казандарды көбү колдонушпайт. “Газпром” ишканасы менен биргеликте газдаштыруу маселеси каралып, жарандарга газ киргизүү үчүн жеңилдетилген насыялар да берилүүдө. Негизинен Бишкекте жылытуу мезгилинде ыш маселеси келип чыгат”,- деди Жунушалиев.
Ошондой эле мэр бир нече кытайлык заводдор менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында арзан катализаторлор алып келинип, эффективдүүлүгү каралып жатканын кошумчалады.