Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжан Кыргызстан–Азербайжан өнүктүрүү фондунун капиталын эки эсеге 200 млн долларга чейин көбөйтөт. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгын чыгаруу учурунда билдирди.
Алиев бул чечим фонд аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугу менен байланыштуу экенин белгилеп, алар жаңы өндүрүштөрдү түзүп, жумуш орундарын көбөйтүп жатканын айтты.