Бишкек дүйнөнүн көңүл борборунда: ШКУ саммитине кимдер келет? — Кабар

Бишкек дүйнөнүн көңүл борборунда: ШКУ саммитине кимдер келет?

Президент 29 август 2026 14:08
IMG_6538.jpeg
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 2026-жылдын 1-сентябрында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт.

Бул иш-чараларга Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди, Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит, Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Мисир Араб Республикасынын вице-премьер-министри Хусейн Иса катышат.

Эл аралык уюмдардан Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин башкы катчысы Сергей Лебедев, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин башкы катчысы Кайрат Сарыбай катышат.

Мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Жыйындын жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге жана чечимдерге кол коюлат, ошондой эле мамлекет башчыларынын бир катар тематикалык билдирүүлөрү кабыл алынат.

“ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген курамдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда БУУнун координациялоочу негизги ролун жана эл аралык укукту бекемдөө, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот.

Алдыдагы саммит Кыргыз Республикасынын ШКУга 2025-2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болот. Кыргызстан бул төрагалыкты “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын алдында жүргүзүүдө.