Алдыңкы күндөрү бишкектиктерди кандай аба ырайы күтөт?

28 май 2026 18:10
Алдыңкы күндөрү бишкектиктерди кандай аба ырайы күтөт?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.05.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынан “Кабар” маалымат агенттигине жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайынын божомолун билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 29–31-май күндөрү жана 1-июнда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. 1-июнда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Ал эми 2-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 3-июнда да түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 4-июнда айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Жакынкы күндөргө карата абанын температурасынын божомолу:

  • 29-май: түнкүсүн +12…+14 °C, күндүз +29…+31 °C;
  • 30-май: түнкүсүн +15…+17 °C, күндүз +31…+33 °C;
  • 31-май: түнкүсүн +17…+19 °C, күндүз +34…+36 °C;
  • 1-июнь: түнкүсүн +18…+20 °C, күндүз +33…+35 °C;
  • 2-июнь: түнкүсүн +17…+19 °C, күндүз +29…+31 °C;
  • 3-июнь: түнкүсүн +17…+19 °C, күндүз +27…+29 °C;
  • 4-июнь: түнкүсүн +16…+18 °C, күндүз +26…+28 °C.