Биринчи жолу Кыргызстандан Кытайга жүгөрү экспорттолду

Экономика Загрузка... 19 Март 2026 10:15
WhatsApp Image 2026-03-19 at 09.53.25.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Биринчи жолу Кыргызстандан Кытайга жүгөрү экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта жөнөтүлгөн алгачкы партия 25 тоннаны түзөт. Жүгөрүнү "Зиябидин Ата" дыйкан чарбасы экспорттоду.

"Экспорт буга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кол коюлган жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдун алкагында ишке ашырылды. Бул документ эки өлкө ортосунда айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн укуктук негиз түзүп, эл аралык стандарттардын сакталышын камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ.

Бул көрсөткүч өлкөнүн экспорттук потенциалы жогорулап жатканын жана фитосанитардык талаптардын талаптагыдай аткарылып жатканын далилдейт.