Бир күндө Ысык-Көлдөн 3300 метр тор чыгарылды

Аймак 25 Август 2026 10:45
WhatsApp_Image_S8Paxy7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги экологиялык рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө суудан 3 299 метр эски синтетикалык тор чыгарылып, 70 кг таштанды чогултулду.

Министрлик браконьерликтин алдын алуу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо боюнча рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгиледи.