Эгемендүүлүк күнү: Бир катар дүйнө лидерлери Кыргызстанга куттуктоо жолдоду — Кабар

Эгемендүүлүк күнү: Бир катар дүйнө лидерлери Кыргызстанга куттуктоо жолдоду

Саясат 31 август 2026 11:45
719232446_3866980680111769_2315887876740928465_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Бир катар дүйнө лидерлери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Бизди жалпы тарыхый, тилдик, диний жана маданий баалуулуктар байланыштырган достук мамиледеги жана боордош Кыргызстан элинин эгемендүүлүктүн 35 жылында бардык тармактарда жетишкен ийгиликтерине сыймыктануу менен көз салып келем.
Сиздин баалуу салымыңыздын жана күч-аракетиңиздин аркасында эки жактуу мамилелерибиз, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардагы, анын ичинде Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтыгыбыз жылдан-жылга тереңдеп, өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеп жатабыз.
Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 29-30-октябрында Анкара шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун XIII саммитинде, ошондой эле 2026-жылдын 11-12-ноябрында Анталья шаарында өтө турган COP31 лидерлеринин саммитинде Сиз менен жолугушууга үмүттөнөм”, - деп айтылат куттуктоодо.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү каалады.

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Бүгүн Кыргызстан Сиздин жетекчилигиңиз алдында мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана кеңири масштабдагы курулуш иштеринде олуттуу ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да чоң абройго ээ болду. Боордош өлкө катары биз Кыргызстандын ийгиликтерине өзүбүздүкүндөй эле кубанабыз.
Салттуу достук жана боордоштук байланыштар менен бекемделген Азербайжан менен Кыргызстандын алакалары жылдан-жылга өнүгүп, жаңы мазмун менен толукталып, союздаштык мамилелердин деңгээлине жеткени бизди кубандырат.
Жакында эле Сиздин меймандос өлкөңүзгө жасаган мамлекеттик сапарым мамлекеттерибиздин тыгыз өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон бекем эркин билдирип, азербайжан-кыргыз мамилелеринин тарыхындагы жаңы этапка негиз түзүү менен кызматташуунун кеңири күн тартибин айкын көрсөттү.
Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жана байланыштар биргелешкен аракеттердин негизинде мындан ары да элдерибиздин кызыкчылыктарына ылайык өнүгүп, бекемделе берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Бул майрам кыргыз элинин эгемендик жолун тандаганын, социалдык-экономикалык өсүшкө, мамлекеттүүлүктү чыңдоого жана жарандардын бакубатчылыгын жогорулатууга умтулуусун айгинелейт.
Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркынын жогору экенин тастыктады.
Беларусь тараптын кыргызстандык өнөктөштөрүнө көрсөткөн колдоосу өз ара ишенимди бекемдеп, эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин дагы бир ирет көрсөттү. Элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар көп тармактуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана биргелешкен интеграциялык демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болот деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Өткөн 35 жылдын ичинде Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жолунда олуттуу ийгиликтерге жетишип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү натыйжаларды көрсөттү. Сиздин жетекчилигиңиз алдында жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдуу реформалар жана инфраструктураны жаңылоо иштери өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын ырааттуу түрдө бекемдеп жатат.
Армения биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук жана өз ара сый-урматка негизделген мамилелерди жогору баалайт. Биргелешкен аракеттердин негизинде Армения менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты жаңы мазмун менен байытып, эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара пайдалуу алакаларды тереңдетүү аркылуу элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн иш алып барарыбызга ишенем. Жакын арада Ереванда түздөн-түз жолугуп, баарлашуубузду улантып, эки тараптуу күн тартибин мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулай турганыбызга кубанычтамын”, - деп айтылат куттуктоодо.

Никол Пашинян Садыр Жапаровго чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде түгөнгүс күч-кубат, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалады.

Пакистандын Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Пакистан Кыргыз Республикасы менен жалпы тарыхка, маданий жакындыкка, өз ара ишенимге жана тыгыз кызматташтыкка негизделген жакын жана достук мамилелерин жогору баалайт.
2026-жылдын июль айында Сиздердин кооз өлкөңүздөргө жасаган сапарым, 1995-жылдагы буга чейинки сапарым тууралуу жылуу эскерүүлөрдү кайрадан жандандырып, эки тараптуу мамилелерибизди мындан ары чыңдоо үчүн дагы бир баалуу мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле Улуу Мартабалуу Сиздин 2025-жылдын декабрь айында Пакистанга жасаган сапарыңызды жылуу сезимдер менен эскерем. Эки жолку сапардын алкагында өткөрүлгөн жемиштүү сүйлөшүүлөр өз ара кызыкчылык туудурган тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон жалпы умтулуубузду дагы бир жолу тастыктады.
Эки өлкөбүздүн өз ара кызыкчылыгы үчүн кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо максатында Улуу Мартабалуу Сиз менен тыгыз иш алып барууну улантууну чыдамсыздык менен күтөм”, - деп айтылат куттуктоодо.

Асиф Али Зардари мамлекет башчысына чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине мындан аркы тынчтыкты, өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Терең тарыхый, диний жана цивилизациялык шарттар Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүп келет.
Кубанычка жараша, эки өлкөнүн Евразия биримдигинин жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлдү. Ошол эле учурда, айрыкча экономикалык тармакта, азырынча толук пайдаланылбай келе жаткан олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар жана аларды ишке ашырууга болот”, - деп айтылат куттуктоодо.

Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана элине бакыт-таалай жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Өлкөңүздүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу Сауд Арабия Падышалыгынын элинин жана өкмөтүнүн, ошондой эле жеке өзүбүздүн атыбыздан Улуу Мартабалуу сизге чың ден соолук, бакыт-таалай каалаган чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду зор кубаныч менен жолдойбуз. Ал эми боордош Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине мындан аркы өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Франция Республикасынын президенти Эммануэль Макрон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Мен да Сиз сыяктуу эле, акыркы жылдары жаңы багыттар менен толукталып, көп кырдуу болуп калган өнөктөштүгүбүздү мындан ары тереңдетүүгө болгон умтулууларды колдойм. Мындан улам саламаттыкты сактоо, жарандык авиация, шаардык кызматтар, тоо-кен тармагы, ошондой эле маданият, анын ичинде жакында Бишкекте Франк-немис маданий институтунун ачылышы сыяктуу өлкөлөрүбүз үчүн маанилүү болгон тармактарда кызматташтыгыбызды өнүктүрүү келечегин канааттануу менен белгилейм.
Мындан тышкары, бир катар маанилүү көп тараптуу иш-чаралар, эң ириде, Кыргыз Республикасынын 2027-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги мандаты кызматташтыгыбызды бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ереванда өтө турган Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча COP17 конференциясы эки өлкөбүзгө тоо экосистемаларын коргоо маселелери боюнча биргелешкен ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Мисир Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө байланыштуу, Улуу Даражалуу Сизге жана достук мамиледеги элиңизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жана өлкөңүздүн өнүгүүсү жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн эң жакшы тилектеримди билдирем.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мисир Кыргыз Республикасы менен болгон жылуу мамилелерине чоң маани берерин тастыктап, эки боордош элдин бакубатчылыгы үчүн өз ара кызыкчылык туудурган бардык эки тараптуу байланыштарыбызды мындан ары бекемдөөгө болгон үмүтүмтармактарда дү билдиргим келет”, - деп айтылат Мисир Араб Республикасынын президентинин куттуктоо телеграммасында.

Абдель Фаттах Ас-Сиси Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Бельгиянын Падышасы Филипп Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамын белгилөө сизге, ошондой эле мекендештериңизге өзүмдүн куттуктоолорумду жана бакыт-таалай, чың ден соолук кааларымды билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө”, - деп айтылат куттуктоодо.

Марокконун падышасы Мухаммед VI Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүздү байланыштырып турган бир туугандык мамилелерди жана достукту жогору баалай турганымды белгилегим келет.
Буга байланыштуу Сиздин Урматтуу даражаңыз менен биргеликте кызматташтыгыбызды мындан ары бекемдөө жана элдерибиздин үмүт-тилектерин ишке ашыруу үчүн биргелешкен ишибизди улантууну чыдамсыздык менен күтүп жатам”, - деп айтылат куттуктоодо.

Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса бин Салман Аль Халифа Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Боордош өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик майрам менен Сизди өзүмдүн жана Бахрейн элинин, Өкмөтүнүн атынан куттуктоо мен үчүн чоң кубаныч. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми кыргыз элине өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат куттуктоодо.

Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Ушул маанилүү күндү утурлай Того менен Кыргызстандын өз ара кызыкчылыктарга жооп берген көптөгөн тармактарда чыңдалып келе жаткан достук жана өнөктөштүк мамилелерин өзгөчө белгилегим келет. Менин өлкөм бул байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана жалпы жетекчилигибиздин алдында эки элдин жыргалчылыгы үчүн мамилелерибизди мындан ары да бекемдөө боюнча ырааттуу иштерди улантууга бекем ниеттенет.
Сизге жана үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө чың ден соолук, ал эми кыргыз элине тынчтык жана түбөлүктүү бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Австрия Республикасынын президенти Александр Ван дер Беллен Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кубануу менен Сизге жана Кыргызстан элине эң жылуу куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди билдирем.
Ушул жылдын июнь айында БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоо учурунда көрсөткөн колдооңуз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Кеңешке мүчө болуп шайланышы менен куттуктайм. Биздин өлкөлөрдүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде биргелешип мүчө болушу, көп тараптуу, анын ичинде туруктуу тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн сонун мүмкүнчүлүк берет”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине бактылуу жана гүлдөп-өнүккөн келечек каалады.

Испаниянын падышасы Филипп VI Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Жеке бакубатчылык жана кымбаттуу кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү тилеген эң жакшы каалоомду кабыл алыңыз”, - деп айтылат телеграммада.

Нидерланддардын падышасы Виллем-Александр Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Урматтуу даражаңызга куттуктоомду жана Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалаган ак тилектеримди билдирүүгө уруксат этиңиз”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Түштүк Африка Республикасынын президенти Матамела Сирил Рамафоса Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу даражалуу Сизге чың ден соолук каалап, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана чыңдоого болгон ниетибизди дагы бир ирет ырастоого уруксат этиңиз”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Мальтанын президенти Мириам Спитери Дебоно Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“1993-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Мальта менен Кыргызстан өз ара сый-урмат жана кызматташтыкка негизделген достук мамилелерин улантып келе жатышат. Өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки жактуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө үмүттөнөм”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мириам Спитери Дебоно Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Рим Папасы Лео XIV жана Архиепископ Жордж Панамтундил Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Жараткандан Сиздин өлкөнүн элин мындан ары да жалпы жыргалчылыкка умтулган тынчтыктын жарчысы болууга шыктандыруусун тилек кылам. Сиздин Улуу Даражаңызга, бардык мамлекеттик бийлик органдарына жана жалпы жарандарыңызга чын дилден менен Кудайдын берекесин тилейм”, - деп айтылат Лео XIV куттуктоо кайрылуусунда.

Рим Папасынын куттуктоосуна Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан боюнча Архиепископ, апостолдук нунций (Ватикан элчиси) Жорж Панамтундил кошулду.

“Улуу мартабалуу Сизди жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктап, Кыргыз Республикасына мындан ары да тынчтык, өнүгүү жана бакубатчылык, ал эми жалпы кыргыз элине бакыт-таалай каалайм.
Алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде ийгиликтүү өтүп, Кыргызстандын бай маданий мурасын дүйнөгө таанытууга, ошондой эле элдердин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өбөлгө болсун”, - деп белгиленет Архиепископтун куттуктоо телеграммасында.

Палестина Мамлекетинин президенти, Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу комитетинин төрагасы Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Жүрөккө жакын бул улуттук майрамды Сиздер менен тең бөлүшүп, эки элди байланыштырып турган өз ара урмат-сыйга жана бир туугандык мамилелерге сыймыктанарыбызды билдиребиз. Ошондой эле элибиздин эркиндикке жана көз карандысыздыкка болгон мыйзамдуу укуктарын колдогон Кыргызстандын позициясын жогору баалап, жалпы кызыкчылыктарыбыздын алкагында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө умтулабыз. Сизге болгон терең урматымды жана жогорку ыраазычылыгымды кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоодо.

Куба Республикасынын президенти Мигель Диас-Канель Бермудес Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө даяр экенибизди ырастоо менен Эгемендүүлүк күнүңүздөргө карата Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жолдойм”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.