Бир аптада дээрлик 22,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 16 Июнь 2025 10:55
IMG_7107.JPG
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Өлкө аймагында  9-июндан  15-июнга   чейин 22 миң 479 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу-707;

-Мас абалында унаа башкаруу - 297;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 117;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 541;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 788;

-Авто ээнбаштык - 12;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 434;

-Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 4;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 046;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 533  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.