Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Өлкө аймагында 30-июндан 6-июлга чейин 20 миң 74 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 505;
-Мас абалында унаа башкаруу -209;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 81;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1055;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 845;
-Авто ээнбаштык - 25;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 562;
-Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу - 8;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 116;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 668 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.