Билим берүүнүн улуттук моделине өтүүдө маалыматтык коштоо боюнча семинар өттү

Билим Загрузка... 10 Февраль 2025 15:20
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Жээнбек Сагыналиев, Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2028-жылдарга мектептик билим берүүнү трансформациялоону маалыматтык коштоо маселелерине арналган семинар өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, семинарга министрликке караштуу ведомстволук уюмдардын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери, кызматкерлери, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүнүн улуттук моделин камтыган бир катар стратегиялык документтер талкууланып, сунуштар берилди. Ошондой эле катышуучулар өлкөнүн билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар жөнүндө жалпы кыргызстандыктардын маалымдуулугун жогорулатуу чараларын да кеңири талкуулашты.

Муну менен катар катышуучуларга билим берүүнү трансформациялоонун алкагында иштелип чыккан жаңы санариптик платформалар тааныштырылды.